04.09.2019 16:11

Чүй облусунун ИИББ жетекчиси Самат Курманкулов өзүнө келди

Чүй облусунун ИИББ жетекчиси Самат Курманкулов өзүнө келди

Бүгүн, 4-сентябрда Чүй облусунун ИИББ жетекчиси Самат Курманкуловду жалпы палатага которушат. Бул туурасында күч түзүмдөрүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, Курманкуловдун абалы жакшырды, азырынча сүйлөбөгөн менен, чакырууларга реакция кылууда. 

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылында өткөн атайын операция учурунда оор жаракат алган. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Кийин дарылоону улантуу үчүн аны Москвага Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборуна жеткиришкен.