25.06.2018 16:50

Чалып алайынчы? Мындай шылтоо менен кыздарды телефонсуз калтырып жүргөн шылуун колго түштү

Чалып алайынчы? Мындай шылтоо менен кыздарды телефонсуз калтырып жүргөн шылуун колго түштү

Биринчи май РИИБнын Криминалдык милиция  кызматкерлери  алдамчылыкка шектелген жаранды колго түшүрүштү. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти. 

Аталган органга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, С. аттуу жаран  19-июнь күнү алдоо  жолу менен ишенимге  кирип,  «Самсунг Галакси S7» уюлдук телефонун  чалып алуу үчүн алып, из жашырып кеткенин билдирген.  Жабырлануучу жалпысынан 30 сом чыгымга учураган.

Бул факт боюнча, Биринчи май РИИБнын  тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин  166-беренеси   (алдамчылык)  боюнча кылмыш иши козголгон.   

Ыкчам- иликтөө  иштеринин натыйжасында Биринчи май РИИБнын  кызматкерлери  тарабынан кылмышка шектелген  1992-жылкы М. Б  аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Иликтөө  иштеринде  ачыкка чыккандай,  шектүү  социалдык түйүндөр аркылуу кыздар менен тааанышып, аларды жолугууга чакырып, чалып алууга телефонун сурап, анан  из жашырып кетчү. 

Сот шектүүнү 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алды. Тергөө жүрүүдө.