20.05.2019 13:42

Чарчап калды делген баласын издеген эне

Чарчап калды делген баласын издеген эне

Чарчап калган чүрпөсүнүн мүрзөсүн таба албай жүргөн эне April.kg сайтына кайрылды.

Видеонун каарманы укук коргоо жана күч органдарынын каалгаларын каккылап, негизги суроосуна жооп ала албай келет. Анын былтыр төрөп, эки сутка жашабай таң калычтуу жагдайда чарчап калган уулунун денеси кайда көмүлгөн?

Тергөөчүлөрдөн майнап чыкпаган соң байкуш эне Президентке жана коопсуздук кеңешине чейин кайрылган. Ал жактан тиешелүү органдарга тапшырма берилгени менен Айдина тергөөчүлөрдүн жана ак халатчандардын кайдыгерлигине кабылууда.