10.01.2019 14:23

Чаткалда мас айдоочу жүргүнчүгө ок чыгарып, ал каза тапты: Окуянын чоо-жайы

Чаткалда мас айдоочу жүргүнчүгө ок чыгарып, ал  каза тапты: Окуянын чоо-жайы

Чаткал районунда «Адам өлтүрүү» фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул туурасында  Жалал-Абад ОИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 10-январь күнү саат 03:00 чамасында Чаткал районуна жүк ташуучу унаа менен барган Бишкек шаарынын тургуну К.У. белгисиз жарандан ок жеп, ооруканага жетпей каза тапкан.

Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын  натыйжасында шектүү катары Э.А. аттуу Терек-Сай айылынын тургуну кармалган.  

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин жыйынтыгында төмөнкүлөр маалым болгон: Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Ак-Там участкасында Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 25 жаштагы тургуну Э.А. өзүнүн «БМВ» үлгүсүндөгү автоунаасында отурган.

Ошол учурда Ош облусунун Өзгөн районунун Кайрат айылынын 36 жаштагы А.Э. аттуу тургунунун башкаруусундагы «Вольво-FH 12» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы келе жаткан. Айдоочунун жанында шериги К.У. болгон. Автоунааны токтотуп чыккан  К.У.  Аскаттан жолдон өтүү үчүн автоунаасын жол четине жылдырып коюну талап кылган.

Ортодо келишпестик пайда болуп, Э.А. автоунаасындагы ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан К. У. ну көкүрөк тушка атып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Экспертиза көрсөткөндөй Э.А. мас абалында болгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изин суутпай бир нече сааттан кийин шектүү кармалып, Чаткал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.