31.05.2018 14:05

Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгын эң мыкты чагылдырууга сынак жарыяланды

Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгын эң мыкты чагылдырууга сынак жарыяланды

Жаштар жана журналисттер арасында белгилүү эл жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын жана жашоосун эң мыкты чагылдырууга сынак жарыяланды. Жалпы байге фонду 800 миң сомду түзөт. 

Жаштар "Эң мыкты эссе", "Эң мыкты поэзия", ал эми журналисттер арасында "Эң мыкты сюжет", "Эң мыкты макала" номинациясында жарыша алышат.

Сынак Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы аркылуу жаштарга тарбия, билим берүүдөгү адамгерчилик, ыймандуулук, маданияттуулук, мекенчилдик сапаттарды калыптандыруу максатын көздөйт. Андан сырткары, ЖМКлар аркылуу алп жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгын жалпы коомчулук арасында кеңири жайылтуу жана өркүндөтүү багыты каралган.

Конкурсту  Билим берүү жана илим министрлиги, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Улуттук жазуучулар союзу уюштурууда.

Эмгектер 2018-жылдын 1- ноябрына, саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Байланыш телефону: 0(312) 66 03 32