04.05.2020 11:37

«Өлбөс полк» акциясына кантип катышса болот? Хештег, шилтемелер

«Өлбөс полк» акциясына кантип катышса болот? Хештег, шилтемелер

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Өлбөс полк- Кыргызстан» кыймылын колдоду жана «Өлбөс полк» онлайн жүрүшү үчүн хештег колдонууга чакырат.

Социалдык тармактарга ардагер тууралуу макалага мындай хештег колдонуп жарыялоого мүмкүн:

 #ӨлбөсполкКыргызстан2020

 

#Өлбөсполкүйдө.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Мамлекетик каттоо кызматы менен биргеликте Улуу Жеңишке арналып атайын даярдалган  pobeda.srs.kg сайтына келип түшөт.

Бардык кыргызстандыктар үчүн өзүнүн тууганынын же Улуу Ата Мекендик согуштун ардагердин ысымын түбөлүккө калтырууга шарт түзүлөт.

Ал үчүн, министрлик бардык жарандарды https://1945.srs.kg/ шилтемеси боюнча каттоодон өтүп, ардагердин сүрөтүн жана кыскача маалыматын киргизүүгө чакырат.

Министрлик дагы бир акцияны жарыялайт: бардык каалоочулар өзүнүн баракчасына же аккаунтуна Улуу Ата Мекендик Согуш темасына арналган ыр саптарынан (позия), обондуу ырлардын, видеороликтердин үзүндүлөрүн жана ардагердин сүрөтүнө #ӨлбөсполкКыргызстан2020 хештегин колдонуп, эстафетаны досторуна, тааныштарына жана жакындарына берүүсү керек.

#Өлбөсполкүйдө хештеги аркылуу - эл аралык “Өлбөс полк” ресурсунда онлайн берүү (сайт moypolk.ru). Өлбөс полк сайтына кантип үй-бүлөөлүк тарыхты түзүү керек – толук нускама шилтеме аркылуу көрүңүз: https://www.moypolk.ru/instrukcii

Тарыхый баяндарды Фейсбук, Инстарграмм, Контакт жана Яндекс издөө системасы, «Бессмертный полк-Кыргызстан» расмий группасынын кыймылына жана фейсбуктагы «Бессмертный полк - Кыргызстан 2020. ДОМА!» баракчаларына бүгүндөн тартып жайгаштырса болот.