14.03.2019 11:31

Чек ара кызматы: Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Чек ара кызматы: Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында учурда абал салыштырмалуу туруктуу, деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматы.

Саат 10:00гө алынган маалымат боюнча Таш-Тушмук аймагында эч ким жашабаган бир эски үй, Аudi үлгүсүндөгү бир унаа жана кыргыз жаранына тиешелүү болгон КАМАЗдын чиркегичи күйүп кеткен. Өрт чыккан жерге бараткан өрт өчүрүүчүлөрдү тажик жарандары өткөрбөй коюшкан.

Учурда аймактагы кырдаалдан улам Баткен облусу боюнча чек ара кызматы мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү.

Кечээтен бери ал тилкеде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары К.Исаков жүрөт. Ошондой эле бүгүн эртең менен төрага Уларбек Шаршеев тажик кесиптештери менен жолугушуу үчүн Баткен облусуна учуп кетти. 

Учурда чек ара өкүлдөрүнүн, облустук администрация башчыларынын, Кыргызстан жана Тажикстандын тартип сакчыларынын Баткен-Лейлек (КР)  жана Исфара-Ворух (РТ) жолун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрү жүрүүдө.