18.09.2019 11:46

Чек ара жаңжалында жабыркагандардын ал-абалы айтылды

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Чек ара жаңжалында жабыркагандардын ал-абалы айтылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын бирөөсүнүн абалы оор, ал эсине келе элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Баткенден Бишкекке 10 жабырлануучу жеткирилген. Алар Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды. Жетөө жалпы палатада болсо, 3 жаран жандандыруу бөлүмүндө. Бүгүн, 18-сентябрда бешөөнө пландуу операция жасалат.

Мындан сырткары Лейлектин аймактык ооруканасында чек ара аймагындагы атышууда жарадар болгон үч жаран дарыланууда. Алардын экөөнүн абалы туруктуу оор деп бааланып жатат. Маалыматка караганда, бирөөнүн абалы оор жана эсине келе элек.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Анда бир кыргыз чек арачысы каза таап, алты адам ар кандай жаракаттарды алган. Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги жарадарлардын саны он үчкө жеткенин, арасында 12 жаштагы бала бар экенин маалымдаган. Кечээ аскерий учак менен 10 жарадар Бишкекке жеткирилген.