20.09.2019 11:09

Чек ара жаңжалы. Эвакуацияланган тургундар өз үйлөрүнө кайтышты

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Чек ара жаңжалы. Эвакуацияланган тургундар өз үйлөрүнө кайтышты

Кыргызстан жана Тажикстан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар макулдашууларга жетишти. Бул туурасында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Сүйлөшүүнү эки өлкөнүн  вице-премьер-министрлери башында турган өкмөттүк делегация жүргүзгөн.

«Оңой эмес, бирок конструктивдүү диалог болду. Тараптар кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн болгон күч-аракетин жумшады. Тажик тарап менен бир катар макулдашууларга жетиштик. Эки мамлекет тең чек ара аймактарынан аскердик техника менен аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле тараптар чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотууну макулдашты. Кыргызстан менен Тажикстандын Премьер-министрлеринин тапшырмасы менен, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялар чек ара маселелерин чечүү боюнча ишти күчөтөт. Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде бардык 5 көзөмөл-өткөрүү бекети тең, анын ичинде «Кулунду-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат, чек арада кырдаал туруктуу, эвакуацияланган Максат айылынын тургундары өз үйлөрүнө кайтты, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек арага жакын жайгашкан аймактарды биргелешип күзөтүүдө», - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө, эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Анда бир кыргыз чек арачысы каза таап, алты адам ар кандай жаракаттарды алган. Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги жарадарлардын саны он үчкө жеткенин, арасында 12 жаштагы бала бар экенин маалымдаган. 17-сентябрда аскерий учак менен 10 жарадар Бишкекке жеткирилип, алардын бешөөнө операция жасалган.