09.07.2018 13:41
Чек арачылар Кыргызстан аймагына малын жайып жиберген өзбек жарандарын кармады
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бетегелик аймагында 800 баш кой-эчки, 116 бодо мал жана 2 жылкыны Кыргызстандын аймагында жайып жүргөн 11 өзбек жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 8-июль күнү болгон. Чатыр тигип жаткан жеринен кармалган коңшу өлкө жарандары сурак учурунда Кыргызстандын аймагына адашып кирип алышканын айтышкан. Жарандар жайып жүргөн малы менен кошо өзбек чек арачыларына өткөрүлүп берилди.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: