09.05.2020 09:59

Чек арадагы чыр. Төрт кыргызстандык жарат алды

Чек арадагы чыр. Төрт кыргызстандык жарат алды

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында 8-майда болгон окуядан төрт кыргызстандык жарадар болуп ооруканага түштү. Бул тууралуу «Азаттык» оорукананын башкы дарыгеринин орун басарынын маалыматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, үч аскерге ок тийип, бир жай тургунга таш тийген. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.  Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү абалды турукташтыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, 8-майда кечке жуук кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен жаңжал чыккан. Баткен районунун Чек жерлигиндеги  50 сотых жерди талашып Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү тургундар ортосунда чыр чыккан. Аталган жер такталбаган аймакта болуп, бирок бул жерди кыргыз тарап пайдаланып келгенин чек ара кызматынан кабарлашты. Эки өлкөнүн жарандары  бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу максатында кыргыз-тажик чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн.  Тажикистандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандары тарапка миномёттук ок чыгарганын жергиликтүү тургундар билдиршти.