27.02.2019 15:33

Чет өлкөгө жумушка аттангандар үчүн маалымат: Түштүк Кореяга ишке орношуунун эрежелери

Чет өлкөгө жумушка аттангандар үчүн маалымат: Түштүк Кореяга ишке орношуунун эрежелери

Соңку жылдары - сериалдардан таасирленгендерби, же башка себептерденби - айтор, Түштүк Кореяга жумуш издеп кеткен кыргызстандыктардын саны көбөйдү. А бирок эске сактап калчу нерсе - корей эли баардык жарандарга эле эшигин ачып, кучак жайып тосуп албайт. Алардын да талаптары бар, өз элегинен өткөргөн соң жумуш берүүгө даяр. Башка өлкөдөн баар тапкысы келгендер кээ бир учурда алдамчылардын торуна түшүп калышат.