05.02.2019 13:54

Чет өлкөлүк жарандарды жасалма паспорт менен камсыздап жүргөн кыргыз жараны кармалды

Чет өлкөлүк жарандарды жасалма паспорт менен камсыздап жүргөн кыргыз жараны кармалды

Интернет аркылуу экстремисттик материалдарды таратып, чет өлкөлүк жарандарды жасалма паспорт менен камсыздап жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук кызматы диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз иш- аракеттерин алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүп, анын жүрүшүндө эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү, С.А. аттуу кыргыз жараны кармалды.

Ал экстремисттик материалдарды Интернет аркылуу коомдук тармактарга таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын жасалма паспорттору менен камсыз кылып турган.

Ошондой эле, ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөө жарыяланып, С.А. берген жасалма документтер менен Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн Борбордук Азия мамлекетинин биринин жараны Б.Н. кармалды.

Азыркы убакта прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалган адамдар КР УКМК Тергөө-камак жайына киргизилип тергөө иштери жүрүп жатат.