20.02.2020 13:10

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи мамлекеттик колдоодон ажырады

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи мамлекеттик колдоодон ажырады

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи мамлекеттик колдоодон ажырады. Бул тууралуу өзүнүн Twitter-баракчасына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова жазып чыкты.

Азырынча расмий расмий булактар бул маалыматты такташа элек.

Өз кезегинде жазуучунун кызы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова Алмамбетованын билдирүүсүнө боюнча пикирин калтырды. Анда мамлекет колдоосун токтоткон учурду өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган.  

Эске салсак, Ширин Айтматова “Үмүт-2020” элдик кыймылынын лидери болот. Аталган кыймылдын мүчолөрүнө бийлик тарабынан куугунтук уюштурулуп жатканын ал байма-бай айтып келет. Анын үстүнө жолдошу Сыргак Кенжебаевди 20-декабрда Алмата шаарынын аба майданынан кармап кетишкен. ИИМ жана УКМКнын маалыматы боюнча ал эки кылмыш иши боюнча айыпталып жатат. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Сыргак Кенжебаев убаытылуу кармоочу жайга 20-апрелге чейин киргизилген.

 «Эгер бийлик Айтматовдун сөөгүн Ата-Бейиттен кайра казып чыгып, таштандыга ыргытып салса деле таң калбаймын. Анткени аларга Айтматовдун кызынын чындыкты айтып жатканы жакпайт. Эгер бул алардын деңгээли болсо, анда колуна күрөк ала беришсин», - деп билдирет Айтматова.

Белгилей кетсек, Айтматовдун музейин каржылоо боюнча көйгөйдү буга чейин депутат Дастан Бекешев дагы көтөргөн.

«Үй-бүлөсү өз алдынча оңдоп-түзөй албайт. Биз болсо Москвадагы айкелине 30 миллион сом сарптадык», -деп депутат жазып чыккан.