26.06.2018 13:37

Чычкан суусуна түшүп кеткен унаанын экинчи жүргүнчүсү табылды

  Чычканга түшкөн унаа (3 материала)
Чычкан суусуна түшүп кеткен унаанын экинчи жүргүнчүсү табылды

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен дайынсыз жоголгон экинчи адам Чычкан суусунан табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Буга чейин, 2018-жылдын 26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктү тилкеси) Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткени тууралуу маалымат жарыяланган.

Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 2018-жылдын 26-июнь күнү 06:35те КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган.

Ал эми экинчи адамдын жансыз денеси саат 12:00дө суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.