Чыңгыз Айдарбеков деген ким? Премьер-министр аны ТИМ башчылыгына сунуштады
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.
Маалымдама: Учурда Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси болуп эмгектенет. 41 жашта, Бишкекте туулган.
1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетинин «Эл аралык байланыштар» боюнча адистигине ээ болгон. Кийин «Юриспруденция» боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистратура денгээли ыйгарылган.
Эмгек иш-аракетин 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ башкы Башкармалыгында атташе кызмат оордунда баштаган. 2001-2003 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ башкы Башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өткөн.
2003-2005 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы.
2005-2008 жж. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынынешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү.
2008-ж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча Бөлүмүнүн жетекчиси.
2008-2010 жж. Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин кеӊешчисинин бирдигинде Кыргыз Республикасыны кеңешчиси.
2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.
2012-2016 жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчиси.
2016-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси.
Эскерте кетсек,мурдагы министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: