10.06.2019 15:22

Чыңгыз Айтматовду жакшы билесиңби? Улуу жазуучунун көзү өткөнүнө 11 жыл болду

Чыңгыз Айтматовду жакшы билесиңби?  Улуу жазуучунун көзү өткөнүнө 11 жыл болду

2008-жылы 10-июнда узак оорудан кийин Германияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов көз жумду. Бул кыргыз маданиятындагы, маданиятта эле эмес, дегеле кыргыз элиндеги эң оор жоготуу болду.

Дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу Кыргызстандын бей расмий символу болуп калган. Анын роман жана повесттери өлкөбүздү дүйнө жүзүнө ачып берип жана бул багытта бардык чиновниктер биргелешип жасагандан көп нерсе жасады. Анын роман жана повесттери Кыргызстандагы искусствонун башка  түрлөрүнүн өнүгүүсүнө түрткү берди. Биринчи кезекте кинодо - Айтматовдун сюжеттери болуп көрбөгөндөй  киноматографка ылайыктуу болуп чыкты.

Чыңгыз Айтматовдун мамлекеттүүлүккө кошкон салымы андан кем эмес. Айрыкча, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары. Бул адамдын аброю саясатта кереметтерди жаратчу. Өмүрүнүн акырына чейин деле Чыңгыз Айтматов өзүнүн Кыргызстанынын периште коргоочусундай эле. 

Бүгүн улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун арабыздан өтүп кеткенине 11 жыл толду. Мындан улам, чыгаан жазуучу тууралуу айрым фактыларды окурмандардын эсине салып коюуну туура көрдүк.