Чолпон Жакупова: Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссия тергөөнүн ишин аткарып калды

Чолпон Жакупова: Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссия тергөөнүн ишин аткарып калды

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссия тергөөнүн ишин аткарып калды. Мындай оюн «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова «Апрель» каналынын кабарчыларына берген маегинде билдирди. 

Анын айтымында, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кой-Ташта болгон ар бир органдын ишине өз баасын бериши керек эле.

«Булар тергөө менен мамлекеттик комиссиянын ишинин айырмачылыгын билбей калышты. Тергөө сыры деген түшүнүк бар, азыр болсо тергөөдө берилчү суроолор жаңырып жатты. Бул комиссия тергөөгө аралашпай туруп, ошол күнү Кой-Ташта болгон ар бир мамлекеттик органдын иш-аракетине баасын бериши керек. ИИМ ишин туура аткардыбы, эмнеге «Альфа» ал жакка жөнөтүлдү? Мына ушундай негизги саясый маселелерге жооп издеши керек эле булар. Анан комиссияны күч түзүмүнүн  өкүлү жетектеп жатат, бул деген түздөн түз кызыкчылыктардын конфликти болуп жатпайбы», -деди Жакупова.