03.10.2018 10:48

Чолпон-Ата шаарынан жоголуп келип, кийин сөөгү табылган баланы муунтуп өлтүрүшкөн

Чолпон-Ата шаарынан жоголуп келип, кийин сөөгү табылган баланы муунтуп өлтүрүшкөн

Чолпон-Ата шаарында жоголуп кетип, түш оой көл жээгинен сөөгү табылган 9 жашар бала киши колдуу болгону аныкталды. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу анын муунтулуп өлтүрүлгөнүн тастыктады. Бул туурасында April.kg порталына облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Облустук милиция учурда бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоду. Анын негизинде ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыштын бети ачыла элек. 

Эскерте кетсек, 1-октябрда 9 жаштагы уулу эртең мененки 9:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча жок экенин айтып, апасы милицияга кайрылган.  Ошол эле күнү саат 15:00-15:30 чамасында көл жээктен баланын жансыз денеси табылган. Анын мойнунда картошка салууда колдонулчу кызыл кап болгон. Ошондой эле, баланын аутизм оорусу менен жабыркап келгени айтылган.