02.10.2018 14:46

Чолпон-Атада көл жээктен сөөгү табылган баланын өлүмүнүн себептери такталууда

Чолпон-Атада көл жээктен сөөгү табылган баланын өлүмүнүн себептери такталууда

Чолпон-Ата шаарында дайынсыз жоголгон 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу April.kg порталына Ысык-Көл облустук ИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

«Кечээ, 1-октябрда баланын апасы саат 9:00 чамасында уулу жоголгонун айтып, арыз менен кайрылды. Анын айтымында, баласы аутизм менен ооругандыктан, эмне кылып жатканын билбей калчу экен. Ошол эле күнү саат 15:00-15:30 чамасында көл жээктен баланын жансыз денеси табылды. Анын мойнунда картошка салууда колдонулчу кызыл кап бар экен. Бирөө муунтуп өлтүргөнү, же өзүнө-өзү кол салганы азырынча белгисиз», -деди Сталбек Усубакунов.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен киши колдуу болгону же өз өмүрүнө кол салганы такталмакчы.