09.08.2018 10:53

Чолпон-Атада уурулук менен алектенип жүрүшкөн Нарын облусунун тургундары кармалды

Чолпон-Атада уурулук менен алектенип жүрүшкөн  Нарын облусунун тургундары кармалды

«Көмүскөдөгү жай» жана «Нелегал» операцияларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан Республикасынан келип, эс алып жүрүшкөн жарандардын өздүк мүлктөрүн уурдаганга шектелишип, Нарын облусунун тургундары 36-жаштагы Т. уулу Жумгалбек жана 22 жаштагы Ж. уулу Арген кармалышты. Бул туурасында April.kg порталына Ысык-Көл облустук ИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. 

23-июлда Ысык-Көл РИИБне Өзбекстан Республикасынын жарандары 60 жаштагы Долорес Кан, 62 жаштагы Екатирина Ли жана 51 жаштагы Инна Кан арыздар менен кайрылышкан. Жабырлануучу адамдардын көрсөтмөсүндө, алар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Персона» жеке менчик эс алуу жайында эс алып жүрүшкөн. Көлгө түшкөнү кетишкенде, белгисиз адамдар коттеджде киши жоктугунан пайдаланып, ууруга кирип, эки «Самсунг А5», «Самсунг С4» уюлдук телефондорун, эки айпадын жана 660 АКШ долларды түзгөн акча каражаттарын уурдап кетишкендигин билдиришкен.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 164 (уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 15 күндөн кийин уурулукка шектүү адамдар кармалышкан.

Кармалган шектүүлөр Ысык-Көл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн башка уурулук иштерге тиешеси бары-жогу текшерилүүдө.