05.02.2020 15:52

Сак болгула! "Манас" аэропортунда уурулар пайда болду

Сак болгула! "Манас" аэропортунда уурулар пайда болду

“Манас” аба майданынан чоочун бирөөнүн оокатын уурдап кеткен киши изделүүдө. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 13-ноябрында Т.У. аттуу жаран аэропортко кирип, көзөмөл пунктунан өтүп жатып оокаттарын ошол жайда унутуп кеткен. Учурдан пайдаланып, аны белгисиз бирөө уурдаганга үлгүргөн.

ИИМ жарандарга кайрылып, шектүүнүн өздүгүн такташ үчүн жардам сурайт.

Кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор, төмөндө көрсөтүлгөн телефон номурларына чалышса болот. 0312693535, 0555651188.