16.07.2018 17:10

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланы издөө иштери натыйжа бере элек

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланы издөө иштери натыйжа бере элек

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы Мишаны издөө иштери натыйжа бере элек. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Эскерте кетсек, өткөн жума күнү, 13-июлда Бишкектин Ленская көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган Миша аттуу бала чөгүп кеткен. Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук районунун №23 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылды.

ӨКМден жалпы 12 куткаруучу жана 3 суучул тартылган. Издөө иштери Бишкек шаарында жана Сокулук районунда ЧЧК бойлото аткарылып жатат.