20.05.2020 13:01

«Чоң Казат» кыймылынын чакырыктарына укуктук баа берилет

«Чоң Казат» кыймылынын чакырыктарына укуктук баа берилет

«Чоң Казат» деп аталган коомдук кыймылдын чакырыктарына укуктук баа берүү боюнча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Бүгүн, 20-майда парламенттин жыйынында депутат Ирина Карамушкина аталган кыймылдын чакырыктарына баа берүү менен алардын аракеттери «мыйзам талаптарына туура келеби?» деген суроо салган.

Алмаз Орозалиевдин айтымында, азыр чакырыктарда кылмыштын курамы барбы же жокпу аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда «Чоң казат» деген коомдун айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланып жатат.