Чуулгандуу көргөзмөдөн кийин музейдин директору жумуштан кетти

Чуулгандуу көргөзмөдөн кийин музейдин директору жумуштан кетти

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр Кыргыз улуттук музейинин директору Мира Джангарачева жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Ал кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканы айтылат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Жумуштан кетүү чечими Феминалле көргөзмөсү жараткан жаңжалга байланыштуу экени кабарланат. Айтымында, ал мындай кадамга музейдин кызматкерлерин жана заманбап көргөзмөнүн уюштуруучуларын ар кандай коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргоп калуу үчүн барган.

Эске салсак, мурдараак феминалле көргөзмөсүнүн уюштуруучулары өкмөткө таасири бар кыймылдын мүчөлөрү кысым көрсөтүп жатышкандарын айтып чыгышкан.

Ал эми маданият министри Азамат Жаманкулов Мира Джангарачеванын арызына кол койгонун билдирди.

«Мира Камилевна бул арызын коом алдындагы жоопкерчилигин түшүнгөндүктөн жазды», - деп билдирет министр.