20.05.2020 17:19

Музей кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулады

Музей кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулады

Маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралды.

Эске салсак, мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акыны 80%га жогорулатуу орун алган.