25.11.2019 12:29

Чуулгандуу Раим Матраимов сурак береби? Коопсуздук кеңешинин жообу

Чуулгандуу Раим Матраимов сурак береби? Коопсуздук кеңешинин жообу

Раимбек Матримов суракка чакырылышы мүмкүн. Бул туурлауу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев басма сөз жыйынында билдирди. Айтымында мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Раимбек Матраимов мекеме аралык тергөө тобуна чакырылышы мүмкүн.

Раимбек Матраимовго учурда издөө салына элек. Андыктан мурдагы бажычы азыр кайда жүргөндүгү тууралуу коопсуздук кеңешинин так маалыматы жок. Бирок Дамир Сагынбаев уккан-билгенине таянып, Раим Матраимов Кыргызстандын аймагынан чыга электигин кошумчалады.

Мындан сырткары, УКМКга берилген материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Матраимов суракка өзү келиши керек экенин же болбосо анын келиши камсыз кылынарын коопсуздук кеңешинин катчысы билдирди.

Белгилей кетсек, мурдараак Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Раим Матраимов өлкөдөн чыгып кетти деп кабарлаган эле.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.