11.03.2019 15:47

Чуулгандуу табып Хашым Зайналиев «Апрель» телеканалынын кабарчыларына кол салды

Чуулгандуу табып Хашым Зайналиев «Апрель» телеканалынын кабарчыларына кол салды

Чуулгандуу табып Хашым Зайналиев «Апрель» телеканалынын кабарчыларына кол салды. Тартуучу топ анын клиникасы ишмердүүлүгүн токтоткон-токтотпогонун текшерүү үчүн барган. Бирок, табып адаттагыдай эле ишин улантып жатканына күбө болушкан. 

«Биз анын клиникасына барганда сыртта үйүлгөн унааларды көрдүк. Элдер кирип-чыгып жатышыптыр. Алардын бирөөсүнөн сурасак, «бейтапмын» деди. Демек, элди көрүүсүн дагы деле улантып жатыптыр. Ичине кирсек, ак халаттар илинип туруптур. Ошол кезде Хашим Зайналиев коридордун аркы башынан келе жаткан экен. Биз саламдашканда эле, ал бизге жулунуп, жаман сөздөр менен атап, имараттын ичинен күчкө салып түртүп чыгарды. Аз жерден тепкичтен кулап кеткени калдык. Операторубуздун камерасынын базасы жабыркады. Менин болсо, колум ооруксунуп калды», -деп билдирет кабарчы Юлия Кулешова. 

Мындан кийин кабарчылар милиция чакырышкан. «Биз арыз жазып бердик. Табыптын кылганын журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук жаратуу, бейбаштык катары сыпаттаса болот. Эми териштирүү жүргүзүлөт», -дешет кабарчылар. 

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чуулгандуу Хашым Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, ага табыптык менен алектенүүгө тыюу салганын билдирген.

Маалыматта:«Соттун бул чечими күчүнө киргенден кийин Хашым Зайналиевге жеке медициналык практика менен алектенүүсүнө жана лицензиядан өтпөгөн дары-дармектерди иш жүзүндө колдонуусуна тыюу салынып, ишмердүүлүгү токтотулат», деп жазылган эле.