06.11.2018 15:34

Чуусу бүтпөгөн "Коопсуз шаар": сот жүрө берет, жол кырсыктары көбөйө берет

Чуусу бүтпөгөн "Коопсуз шаар": сот жүрө берет, жол кырсыктары көбөйө берет

Ишке аша элек жатып, "Коопсуз шаар" долбоорунун тагдыры кезектеги ирет соттук териштирүүлөргө кептелди. Демилгеге жооптуу болгон Байланыш комитети менен алардын чечимин мыйзамсыз деп тапкан мекемелер аралык комиссиянын ортосундагы тиреш күчөй баштады. Эки тарап райондор аралык сотто беттешип, Фемида өкүлдөрү комитеттин пайдасына чечим чыгарган. Утулуп калган тарап кечээ маалымат жыйынын өткөрүп, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерде мыйзам орой бузулганын айтууда.