19.07.2018 11:17

Чүй каналында жоголгон бала изделүүдө

Баш калаадагы чоң Чүй каналына агып кеткен алты жаштагы бөбөк дагы эле табыла элек. Учурда кыркка жакын куткаруучу жеринде иштеп жатат. Аларга жергиликтүү ыктыярчылар да кошулду. Издөө иштери Бишкектин Пригородное айылынан тартып, Москва районуна чейин жүргүзүлүүдө. Куткаруучулардын жумушун суу агымынын ылдамдыгы жана канал ичиндеги таштандылар кыйындатып жатат. Издөөнун жүрүшү тууралуу кийинки тасмада.