09.05.2020 10:54

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими узартылат

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими узартылат

 Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн 9-майга карата куттуктоосунда өлкөдө өзгөчө кырдаал режими узартыла турганын белгилеп өттү.

«Азыркы учурда, бир тарапта — коронавирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында — экономикага тескери таасир этчү коркунучтар турат. Дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элибизди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу, жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин киргиздик», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле экономиканы жандандыруу үчүн, ишкерликтин айрым багыттарына уруксат  берилгенин белгиледи.

«Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнестин ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз. Бирок, адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан, жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат. Өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат», -деди өлкө башчы.   

Белгилей кетсек, 23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган. Ал дагы узарабы же жокпу белгисиз. 1-майдан тарта ишмердүүлүктүн айрым түрлөрү иштей баштаган.