30.09.2019 14:43

Чүй облустук милиция Орок айылындагы мушташтын чоо-жайын айтты

Чүй облустук милиция Орок айылындагы мушташтын чоо-жайын айтты

Чүй облустук ИИББ Орок айылындагы мушташтын чоо-жайын айтты. Маалыматка караганда, уруш Жал жана Орок айылынын тургундарынын ортосунда чыккан.

29-сентябрь күнү Орок айылынын тургуну үйлөнүп той берген. Той учурунда Жал айылынын тургуну менен Ороктук жигит уруша кетишкен. Жал айылынын жашоочусу жигит уруш тууралуу өз  айылдаштарына кабар берип, мындан улам эки айыл тургундарынын ортосунда мамиле териштирүү башталган. 

Бүгүн, 30-сентябрда Ленин райондук ички иштер органына аймактык ооруканага ок жеген эки киши жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. 

Бул факт боюнча жерине Ленин райондук ИИБ ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 29-сентябрь күнү саат 23:30 да Орок айылынын көчөлөрүнүн биринде жаштар мушташканын такташкан. Анын кесепетинде ок атылып, эки адам жаракат алган.