28.01.2019 13:39

Чүй облусунда чет өлкө жарандары иштеген ишканалар текшерилди

Чүй облусунда чет өлкө  жарандары иштеген ишканалар текшерилди

Мамлекеттик миграция кызматы жарандык активисттер менен биргеликте Чүйдөгү чет мамлекет  жарандары иштеген бир катар ишканаларга барып келди. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Адегенде Токмок нефтини кайра иштетүүчү заводуна («Токмок НККЗ» ЖЧК) барды. Ишкананын директорунун орун басары Чжэн Сюэм бүгүнкү күндө ишканада 74 кыргыз,  34 кытай жараны эмгектенерин билдирди.

«КЭР жарандары заводдун аймагындагы жатаканада жашайт. 2012-жылдан тартып Кытай тараптан заводдун курулушуна жана ишке киришине 60 миллиондой АКШ доллары жумшалган. Заводдун персоналы жыл сайын окутулуп турат. Жергиликтүү мектепке компьютерлерди сатып алууда, жолдорду курууда жардам бердик. Мындан тышкары, биз түрдүү майрамдарды уюштурууда жана өткөрүүдө көмөктөшүп турабыз», - деди Сюэм.

Делегация андан ары 400 адам эмгектенген «Кант түтүк-шифер ишканасына» барды. Ишкананын акционери Танвир Афтабдын айтымында,  бул жерде Пакистандын 3 жараны иштейт – өзү жана анын 2 техникалык кеңешчилери, калгандары кыргыздар.

«Бардык жумушкерлер эмгек мыйзамдарына ылайык таризделди. Жарандыгына карабай бардык кызматкерлерге бирдей эмгек шарттары түзүлгөн. Эмдиги жылдан тартып Кыргыз Республикасында жаңы заводдун курулушу башталарын белгилейм кетем», - деп билдирди Афтаб. 

Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кудайбердиев чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүүсүнө киргизиле турчу жаңы эрежелер тууралуу айтып берди.

«Биз тарабынан жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулардын катышы 80% жана 20% түзгүдөй мыйзамдык актылар даярдалып жатат. Ошондой эле ар бир чет өлкөлүк жумушчу үчүн иш берүүчүлөр тарабынан чегерилүүчү сумма жогорулатылат. Биздин болжолдорго ылайык, бул жаңы киргизүүлөр казынага 200 миллион сомдой толуктоо алып келет»”, - деп белгилеп өттү Бактыбек Кудайбердиев.

Ачык текшерүү жүргүзүү максатында, «Кырк чоро» коомдук кыймылынын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев да чакырылганы айтылат.