22.11.2018 12:09

Чүй облусундагы Чоң-Кемин суусуна унаа кулап кетип, 2 адам каза тапты

Чүй облусундагы Чоң-Кемин суусуна унаа кулап кетип, 2 адам каза тапты

Чүй облусундагы Чоң-Кемин суусуна унаа кулап кетип, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Кырсык кечээ, 21-ноябрь күнү саат 16:34 чамасында болгон. «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып Чоң-Кемин суусуна кулап кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 41 жаштагы М.А жана 42 жаштагы К.Б. аттуу жарандар жеринде каза болгон.

КР ӨКМнин №5 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаада кыпчылып каза болгон жарандардын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.