20.09.2018 17:42

Чүй облусунун Кегети айылында токой күйүп жатат

Чүй облусунун Кегети айылында токой күйүп жатат

Чүй облусунун Кегети айылында токой күйүп жатат. Бул туурасында Фейсбук колдонуучусу Нурали Байтемиров өзүнүн баракчасына жазып чыкты. 

«Кегети айыл өкмөтүндө эртең менен башталган өрт жаратылышка аябай чоң зыян келтирип жатат. Айылды түтүн каптаган. Жалын аябай көп жерге тарады. Өчүргөн бир адам жок: жергиликтүү бийликтен, айыл өкмөттөн бир жан жок», -дейт колдонуучу.