01.07.2019 16:54

Чүй облусунун Токмок шаарында тойдо жапырт уулануу болду

Чүй облусунун Токмок шаарында тойдо жапырт уулануу болду

Чүй облусунун Токмок шаарында тойдо жапырт тамак-ашка уулануу болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, 20 адам жабыркаган.  Алардын 16сы амбулатордук жардам алып үйлөрүнө жиберилген.
Калган төртөөнүн абалы «орточо оор» деп бааланып, ооруканага жаткырылды. 

Адамдар эмне жеп ууланганы жана башка чоо-жайы белгисиз. Иликтөө жүрүп жатат.