08.02.2019 12:27

Чүй облусунун тургунун ири суммага алдап кеткен жаран кармалды

Чүй облусунун тургунун ири суммага алдап кеткен жаран кармалды

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун тургунун ири суммага алдап кеткен жаранды колго түшүрүштү. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2018-жылдын ноябрь айында шектүү жаран Чүй облусунда жашаган аялдан Сокулук районундагы жер тилкеси боюнча көйгөйлөрүн чечип берем деп, ири суммадагы акча каражатын алып, ошол бойдон из жашырган.

Жыйынтыгында шектүү жалпы суммасы 1000 АКШ доллары менен 92 миң сом акча каражатын алган. Жабырлануучу алдамчынын курмандыгы болгондугун түшүнгөндөн кийин гана ушул жылдын январь айынын аягында милицияга кайрылган.

Факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки иликтөө башталган. ИИМ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1977-жылы туулган Б.Р. аттуу жараны кармалган.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө.