13.12.2018 17:14

Чүй ОИИББ: Кыргыз жаранынын бети-колу тилинген кылмышка кытайлардын тиешеси бары-жогу иликтенет

Чүй ОИИББ: Кыргыз жаранынын бети-колу тилинген кылмышка кытайлардын тиешеси бары-жогу иликтенет

Кытайлыктар кыргыз жаранынын денесине залал келтиргени тууралуу Фейсбукта жарыяланган тасма боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул туурасында Чүй облусттук ИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 10-декабрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Жайыл
РИИБге жергиликтүү аймактык ооруканага Кара-Балта шаарынын 35 жаштагы М.И. аттуу жашоочусу жүзүндө, эки колунда көптөгөн кесилген жаракаттар, башында жаракаттын издери менен жаткырылгандыгы  боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Жайыл РИИБдин ыкчам-тергөө тобу келишип, жабырлануучудан иштин чоо-жайын угушкан. Анын айтымында, 2018-жылдын 10-декабрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында үйдөн чыккан жана ага 30-35 жаштардагы белгисиз үч адам келишип, күч колдонуу менен ак түстөгү «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп, белгисиз жакка алып барып, колдорун байлап, курч буюм менен жараттарды келтиришип, моюн тарапка белгисиз укол сайышкан. Андан соң Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бирине жабырлануучуну таштап кетишкен.

«Аталган факты Жайыл РИИБде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (адамды
уурдоо) негизинде кылмыш иши козголду. Бул окуяга чет өлкөлүк жарандардын тиешеси бар деп так кесе алдын ала айтууга болбойт, ошол себептүү кылмыштын ким тарабынан жасалгандыгы тергөөнүн жүрүшүндө гана аныктала тургандыгын белгилейбиз. Азыркы учурда Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери аталган кылмыш ишинин бетин ачуу максатында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат», -деп билдиришет Чүй облустук милициядан.