19.10.2018 18:13

Чүй районунда 6 адам иске ууланып ооруканага түшкөн, алардын экөө -кичине балдар

Чүй районунда 6 адам иске ууланып ооруканага түшкөн, алардын экөө -кичине балдар

Чүй районунда 6 адам иске ууланып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул туурасында өз булактарына таянып, Turmush басылмасы жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 19-октябрда болжол менен саат 05:00дө Дөң-Арык айылынын 6 тургуну ооруканага жеткирилген.

Алардын бирөө- 42, экөө- 22, бирөө- 13 жашта болсо, экөө кичине балдар болгон. Тактап айтканда, бирөө 6 жаштагы жана экинчиси быйыл, 2018-жылы төрөлгөн бөбөк экени айтылат.  Жабырлануучулардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан.