12.07.2018 17:15

Чүй жана Ош облусунда сууга чөккөн эки адам изделүүдө

Чүй жана Ош облусунда сууга чөккөн эки адам изделүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Чүй жана Ош облустарында сууга чөккөн адамдарды издеп жатышат. Алардын өздүгү да такталууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 12-июль күнү, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Сантропе көлмөсүнө 1 адам чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Жерине саат 16:06да КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган.   

Ошондой эле кырсык Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында да катталган. Айылдагы Араван каналына чөгүп кеткен адамдын аты-жөнү такталууда.  Жерине саат 15:51де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Издөө иштери натыйжа бере элек.