18.09.2019 13:03

Чүйдө адамды өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу изделүүдө

Чүйдө адамды өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу изделүүдө

Чүй облусунун Маевка айылында бир адамды өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу изделүүдө. Бул туурасында облустун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кырсык ушул жылдын 15-сентябрында саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылындагы Жаш Гвардия бульвары көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу жолдон өтүп бараткан 72 жаштагы адамды сүзүп алып, ал окуя болгон жерде каза болгон. Айдоочу качып кеткен. 

«Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы бул кырсыкка күбө болуп калгандар болсо же кандайдыр бир маалыматтары болсо 0312 44-64-22, 0707 75-87-20 номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Кабарлаган адамдын анонимдүүлүгү сакталат», - деп жазылат маалыматта.