27.12.2018 16:53

Чүйдө күйөөсү мас абалында аялына ок чыгарып, ал ооруканага жаткырылды

Чүйдө күйөөсү мас абалында аялына ок чыгарып, ал ооруканага жаткырылды

Ысык-Ата районунда күйөөсү аялын төшкө атып, ал ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти. 

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында болжол менен саат 23:25терде Ысык-Ата райондук ИИБге аймактын оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө Ивановка айылынын 34 жаштагы Я.Н. аттуу тургуну октон жаракат алып жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн. 

Кылмышты жасоого шектүү катары анын күйөөсү - 35 жаштагы А.В. кармалган. 

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, окуя болгон күнү күйөөсү үйдө достору менен арак ичип отурган. Катуу мас абалында ал ок чыгарып, аялын төшкө аткан. 

Учурда бул факт боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Шектүү убактылуу тергөө абагына киргизилди.