25.12.2018 10:43

Чүйдө мектепке балаты алып келүү үчүн тоого кеткен окуучу сууга агып каза тапты

Чүйдө мектепке балаты алып келүү үчүн тоого кеткен окуучу сууга агып каза тапты

Чүй облусунда мектепке балаты алып келүү үчүн тоого кеткен окуучу сууга агып каза тапты, деп жазат Turmush агенттиги. Окуя кечээ, 24-декабрда болгон.

Маалыматка караганда, кырсык Кемин районуна караштуу Тегирменти айылында болгон. 11-класстын 4 окуучусу эч кимге айтпай,  балаты алып келгени кетишкен. Алар балатыны кыйып, ат менен Чоң-Кемин суусунан берки өйүзгө өтөрдө, бирөөсү аты менен чогуу сууга кулап, агып кеткен.  

«Окуя болжол менен 18:30 чамасында болгон. Суу күргүштөп көбөйүп калыптыр. Коркуп калган классташтар өз алдынча издешип, таппай койгондо айылдан чоӊ кишилерди ээрчитип келишкен. Баланын тоӊуп калган сөөгү түнкү саат 12:00 чамаларында табылды», -деп билдиришкен айыл тургундары.

Маркум үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Айыл тургундардын айтымында, атасы каза болуп калган. Апасы болсо чет өлкөдө мигрант болуп эмгектенет.