07.03.2019 10:37

Чүйдө сот аткаруучулар пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Чүйдө сот аткаруучулар пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Чүй облусунун Москва районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кылмыш кылып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (каржы полициясы)  «Н.И». деген жаран Чүй облусунун Москва районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн (САКБ) улук сот аткаруучусу «Н.Н» жана сот аткаруучусу «А.А.» карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган. Алар кызматтык абалдарынан пайдаланышып, сүйлөшүп алышып арыз ээсин коркутуп, кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча  талап кылышкан.

Аталган арыз сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнө (пара талап кылуу) ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ) катталган.

Ушул жылдын 4-мартында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Беловодский айылында жайгашкан жери боюнча Москва районунун САКБнын улук сот аткаруучусу «Н.Н» жана сот аткаруучусу «А.А.» кармалды.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча кылмыш кылды деп шектелип, пара менен кармалган улук сот аткаруучусу «Н.Н» Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына бөгөт коюу чарасы каралганга чейин киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.