11.09.2018 18:13

Чүйдө сүт ташыган унаа менен жеңил унаа жол талашып, кагышты

Чүйдө сүт ташыган унаа менен жеңил унаа жол талашып, кагышты

Чүй облусунда сүт ташыган унаа менен жеңил унаа кагышып, жыйынтыгында сүт ташыган унаа оодарылып кетти. Бул туурасында April.kg порталына Чүй облусу боюнча ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Кырсык Панфилов районундагы Эфиронос айылында бүгүн, саат 9:00дөр чамасында катталган. Алдын ала маалымат боюнча оор жүк ташуучу автоунаа менен ВАЗ-2107 жол талаша кетип, биринчиси экинчисинен озуп кетүүгө аракет кылган. 

«Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес. Болгону материалдык чыгым келтирилген. Андыктан, эки айдоочу өз ара келишип алууну чечишти», -деп билдирет маалымат кызмат.