01.04.2019 17:30

Чүйдө таламандын тал түшүндө ишкердин үйүнө келип, бычак такап, 10 миң доллар талап кылышкан

Чүйдө таламандын тал түшүндө ишкердин үйүнө келип,  бычак такап, 10 миң доллар талап кылышкан

Өздөрүн криминалдык авторитет катары тааныштырып, Чүй облусунун жашоочусунан ири суммадагы акча каражатын талап кылгандар кармалды. Бул туурасында ИИМ маалымат кызматынан билдиришти.

2019-жылдын март айынын башында ички иштер органдарына бейбаштык жана опузалап талап кылуу фактылары жөнүндө арыз келип түшкөн. Жабырлануучунун айтымына караганда, анын үйүнө күндүзгү убакта белгисиз адамдар келип, 10 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылышкан. Ошол эле учурда бычак менен денесине жаракаттарды келтирип,  ишкерди күч колдонуп автоунаага салышып, адам жок жерге алып барышып, автоунаанын багажына камашкан. Жабырлануучунун туугандары издеп келип калганын байкашкан соң аны коё беришип, өздөрү кетип калышкан.

Аталган факты бирдиктүү реестрге катталып, Аламүдүн РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу), 170-берененин 2-бөлүмү (Адамды уурдоо), 266-берененин  2-бөлүмүнө (Бейбаштык) ылайык сотко чейинки иликтөөлөрүн башташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси барлардын өздүгү такталган. Шектүүлөрдү бири - Жалал-Абад облусунун 35 жаштагы тургуну Дж. А. кармалган. Ал мурда карактоо жана опузулап талап кылуу беренелери боюнча соттолгону маалым болгон. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Шектүүнүн жашаган жерин текшерүү учурунда далил буюм катары жабырлануучуну коркуткан бычак табылган. Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө. Сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.