08.01.2019 18:07

Чүйдө жашы жете элек баланы зордуктап жүргөн айылдашы 16 жылга кесилди

Чүйдө жашы жете элек баланы зордуктап жүргөн айылдашы 16 жылга кесилди

Ысык-Ата райондук соту Чүй облусунун 19 жаштагы тургунун жашы жете элек баланы бир нече ирет зордуктаганы үчүн күнөөлүү деп таап, 16 жылга кести. Бул туурасында Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Иштин материалына караганда, соттолуучу 2016-жылы 16 жашында өзүнөн 2 жашка кичүү айылдашын мал кайтарып жүргөн жеринен күчкө салып зордуктаган.

Бир жылдан кийин ошол эле жерде окуя кайталанган. Бул ирет студент өспүрүмдү каршылык көрсөтсө,  классташтарына жарыялап, керек болсо өлтүрүп коерун айтып коркуткан. Кийин дагы 2 жолу зордуктаган. Бул убакта шектүү 18 жашка чыккан. 

2018-жылдын жайында зордукчу курмандыгын дагы кармап алган. Классташтары, достору менен көчөдө отурган балага басып келген шектүү аны сыра сатып келүүгө мажбурлап, башкаларды үйлөрүнө таратып жиберген. Экөө жалгыз калганда, кайра зордуктаган. 

Бул ирет зордукталган баланын туугандары анын денесинен көгалаларды көрүп калышкан. Өспүрүм айылдашы тарабынан зордукталганын айтып берген.   

Сотто шектүү баары эки тараптын макулдугу менен болгонун айтып, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бирок, экспертиза зордуктоо фактысы орун алганын тастыктаган.  

Сот шектүүнү беш эпизод боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыратканы айтылат.