06.03.2019 11:49

Чүйдө жубайлардын унаасын сүзүп, ири суммадагы акчасын тартып алгандар изделүүдө

Чүйдө жубайлардын унаасын сүзүп, ири суммадагы акчасын тартып алгандар изделүүдө

Беш-Күңгөй айылында жашы өтүп калган жубайлар жол кырсыгына кабылып жана ири суммадагы акчасын алдырып жиберишти. Бул туурасында Чүй облусунун ИИББ маалымат кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн башкармалыкка Беш-Күңгөй айылында жол кырсыгы болгону тууралуу билдирүү келген. Жерине барган милиция кызматкерлери 53 жаштагы эркек киши башкарып бараткан «Тойота-Харриер» унаасын «Субару-Форестер» унаасы келип сүзгөнүн аныкташкан. Ал унаада кишинин 57 жаштагы байбичеси дагы болгон. 

«Субару-Форестер» унаасынан эки жигит чыгып, жубайларды курал менен коркутуп, унаадан 310 миң доллардан ашык акчаны алып кетишкен. 

Факт  Бирдиктүү реестрге катталып,  «Каракчылык» беренеси менен иш козголду.  Шектүүлөрдү издөөгө Чүй облусунун ИИБ бүтүндөй жеке курамы тартылды.

Жабырлангандар аймактык ооруканага жеткирилди.