25.10.2018 08:30

Чөнтөгүндөгү iPhone’дун жарылышынан катуу күйүк алган жигит ооруканага жаткырылды

Чөнтөгүндөгү iPhone’дун жарылышынан катуу күйүк алган жигит ооруканага жаткырылды

Москвада чөнтөгүндөгү айфондун жарылып кетүүсүнөн катуу күйүк алган 18 жаштагы жигит ооруканага кайрылды. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жаш жигит айфону жарылган убакта көчөдө бараткан. Жарылуудан кийиминин чөнтөк тушу гана эмес, көкүрөк тарабы да күйүп калган.

Аны «Тез жардам» кызматы менен Склифосовский атындагы илимий-изилдөө институтуна жеткиришкен.

Жигиттин апасынын айтымында, уулу телефонду 5 ай мурун сатып алган жана мурда мындай көйгөй жаралган эмес.