22.01.2019 11:17

Цирк жамааты башкы директорлукка талапкер Фархад Бекманбетовду сотко берет

Цирк жамааты башкы директорлукка талапкер Фархад Бекманбетовду сотко берет

Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери цирктин башкы директорлугуна талапкер Фархад Бекманбетовду сотко беришет.  Бул тууралуу труппа жетекчиси Данияр Бөлөкбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Фархад жергиликтүү телеканалдардын бирине интервью берип жатып, цирк жамааты тууралуу туура эмес маалымат берген. 

«Цирктин азыркы абалга келишине митингге чыккандардын да  салымы бар. Алар жыйырма жылдан бери бул циркте иштеп келишет, алардын циркти өнүктүрүп жиберишине эч ким тоскоол болгон эмес, алар тескерисинче, четтен бирөө келсе, цирктин ашканасын билип, көмүскө схемаларын ачыктап коет деп коркуп жатышат».

                                                             Фархад Бекманбетов.                                                            

«Биз, Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери, Бекманбетовго 4 миллион 541 миң сомго доо арыз беребиз. Бул сандар асмандан алынган жок. 2018-жылы Исанаев жетекчи болуп турганда цирк ушунча сумманы соттон утулуп, бирөөгө төлөп берген. Биз жетекчилик кимге жана кантип мамлекеттин акчасын уттуруп жибергенин билбейбиз, бирок, аны продюсер жана кинорежиссердун жалган жалаасынын эсебинен калыбына келтиребиз», -дешет цирк жамааты.

Ошондой эле, алар мамлекеттик органдардан кызматын так аткарбаганы үчүн бошотулган адамдын мамлекеттик цирк башчылыгына келишине каршы экенин билдиришет.

«Жакында эле социалдык тармакта жарыялаган билдирүүсүндө андан Ак үйдөгүлөр цирктин башкы директору кызматына баруусун суранып жатышканын жазды. Цирк артисттери Исанаевдин башкаруу системасы уланышын каалабайт. Бекманбетов мырза, сиз бизди бюджеттин акчаларын алып, жыйынтык көрсөтпөй жатышат дедиңиз. Кантип сизде бюджеттин акчасынын канчасы каякка кетери тууралуу маалымат жок?», -дешет артисттер.